Menu

Депутат Абдывахап Нурбаев Малайзиянын ишкерлери менен эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, потенциалдары боюнча пикир алышты

Бөлүшүү:

27-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Малайзиянын Орто жана чакан ишкерлер ассоциациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Малайзияга болгон иш сапар учурунда эл өкүлү аталган ассоциациянын Президенти Майкл Канг Хуа Кеонг менен жолугушту. Анда эл өкүлү үчүн  Малайзиядагы чакан жана орто ишкерлердин ролу боюнча презентация сунуш кылынды. Ошондой эле жолугушууда Малайзиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн  жеке секторлор менен өз ара кызматташуусу тууралуу да пикир алмашуулар болду.

Мындан сырткары, кыргыз делегациясынын башчысы Абдывахап Нурбаев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы боюнча кеңири маалымат берип, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, потенциалдары боюнча өз ою менен бөлүштү. Соңунда кыргыз парламентинин депутаты Малайзиянын Орто жана чакан ишкерлер ассоциациясын Кыргызстанга  иш сапар менен келип, тажрыйба алмашып кетүүгө чакырды.

Аталган жолугушуу кыргыз ишкерлери үчүн ишкерлик жаатында  тажрыйба алмашып, өз ара кызматташууга, жаңы байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: