Атамбаев 2-сентябрда, Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды. Бул туурасында президенттин рамсий сайты жарыялады.
Жолугушууда мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү аркылуу түрдүү багыттардагы өлкөдөгү стратегиялык милдеттерге тиешелүү Президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды.
Мамлекет башчысы Аппарат Жетекчиси менен 2040-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштин жүрүшүн дагы талкуулады.
Президент Алмазбек Атамбаев түрдүү тармактардагы маанилүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну тиешелүү көзөмөлгө алып, аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ