Menu

Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Мыйзам Эмгек кодекстин 427-беренесинин талаптарын Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү иши боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р чечимин жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзам менен Эмгек кодекстин 427-беренеси жаӊы редакцияда баяндалып, ага ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштар соттук эмес тартипте чечилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: