Menu

Мирзиёевден үлгү алып, Жээнбеков түрмөдөгү саясатчыларды эркиндикке чыгара алабы?

Бөлүшүү:

Эсибизде, Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин өз алдынча саясат жүргүзүп, Өзбекстанга кадимкидей жаңы дем киргизди. Эң оболу, ал адилеттүүлүк багытын алып, бир топ жылдар бою түрмөдө жаткан саясатчыларга жана ар багыттагы белгилүү ишмерлерге кечирим берип, эркиндикке чыгарууга шарт түздү. Мына ушундай айкөл, алысты көрө алган Мирзиёев Өзбекстандын андан ары өркүндөп өсүшү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап, дүйнөдөгү бараандуу лидерлердин катарынан көрүнө баштады. Баракелде!..

А биздечи? Азырынча Сооронбай Жээнбе­ков коррупцияга каршы күрөшүүнү айтып, элдин үмүтүн жандырууда. Эң башкысы, таза бийликти түптөө, адилеттүү башкаруу жүргүзүү менен гана алдыга секирик жасай алабыз. Башка көйгөйлөр акырындык менен чечилет эмеспи. Аныгында, Мирзиёевди бекер жерден мисалга тарткан жокпуз да, бизде дагы коомчулук тарабынан саясый туткундар катары бааланышкан бир топ саясатчылар түрмөдө жатышат. Алар: Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев, СадырЖапаров, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков, Дүйшөн Чотонов, Мелис Аспеков ж.б. Мына ушул саясатчыларга козголгон кылмыш иштерин Жээнбеков адилеттүү түрдө анализдеп, акыйкат баасын берсе болбойбу? Учурдагы укук коргоо органдары менен соттор жеке чөнтөктөрүн ойлошуп, жогорку жактагы буйруктарды гана аткарып калышканы жалганбы? Дал ушундай ириген системанын шишигин жарып, президентибиз элдин талабына ылайык саясый чечимдерге барса, албетте, кадыр-баркы мындан дагы көтөрүлөт болчу. Үмүтүбүздү үзбөй туралы, балким…

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: