– Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам чегинде иш алып барып жатат. Анын натыйжасында туура эмес иш жасагандардын кылмышы ачылууда. Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көпчүлүгүнүн жегендери эми чыгууда. Демек айланасындагы адамдар кандай болсо өзү да ошондой дегенди түшүндүрөт. Азыр эки ажонун ортосунда тирешүү улана берет. Атамбаев авантюралык аракеттерге барып, жок кылганга аракет кылат. Муну анын мүнөзүн билгенден улам айтып жатамын. Анткени андай ишти жасоого шыгы бар.
Атамбаев менен Жээнбеков мындан ары элдешүүгө барбайт. Себеби экөө элдеше турган болсо, азыркы коррупциялык иштердин бети ачылбай калат. Бирок, эки ажонун тиреши коомдун тынчтыгына таасирин бериши мүмкүн. Анткени Атамбаевдин мүнөзүн мен жакшы билгендиктен, ал Жээнбековго карата саясий басым жасаганга аракет кылат.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ