Жогорку Кеӊеште оӊ рулдуу автоунааларды каттатуу көйгөйлөрүн жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» КР мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” КР мыйзамынын күчүнө кирүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин берген маалыматына караганда, оӊ рулдуу автоунааларды Кыргызстандын аймагына ташып келүүгө жана каттатууга тыюу салган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» КР мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын күчүнө киришинен улам келип чыккан айрым карама-каршылыктарды жоюу милдети турат.
“Мыйзам долбоорунда 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оӊ рулдуу автоунаалардын ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна уруксаат берүү чаралары каралган. Каржылык кыйынчылыктардан, дагы башка жүйөлүү себептерден улам алардын басымдуу бөлүгү автоунааларын убагында каттата албай калган. Ал кенемтени толтуруу зарыл”, – дейт демилгечи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ