Menu

Кант шаарында каза болгон аялдан коронавирус аныкталган

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-апрелде коронавирус жуктуруп каза болгон 70 жаштагы аял Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Мааламатка караганда, аялдын сөөгүн кечээ, 20-апрелде туугандары ооруканадан алып кетишкен.

Маркумдун өзүнүн өтүшүп кеткен оорусу бар болгон. Бирок ал коронавируска дагы чалдыккан. Аял көз жумгандан кийин анда вирус бар экени белгилүү болгон. Азыркы учурда Кант шаардык ооруканасында медицина кызматкерлерин изоляцияга алышкан.

Ал эми бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ысык-Ата районунун акимчилиги жооп берүүдөн баш тартышты.

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, алардын коронавируска жасалган анализдери терс болуп чыккан.

Кант шаардык ооруканасындагы дарыгерлердин айтымында, алар изоляцияга алынып, тапшырган анализдери таза чыккан.

“Каза болгон аял бизге кант диабети менен келген жана анын абалы оор болчу. Ал келгенден 3 мүнөт өткөндөн кийин каза болуп калды”, – дейт дарыгерлер.

Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон аялда эки тараптуу пневмония, 3-даражадагы жогорку гипертония, кант диабети, өнөкөт гепатит жана башка оорулар бар экендигин билдирди. Анын менен байланышта болгондор учурда текшерилип жатат. 

Эске салсак, 2-апрелде коронавирустун 5 жаңы учуру катталган. Катталган жаңы учурлардын бири Кант шаарынын 22 жаштагы тургуну болгон. Ал Кыргызстанга 2020-жылдын 29-мартында Москвадан учуп келген. Андан кийин аэропорттон аны обсервацияга алып кетишкен. Ал Бишкек шаарында дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Ошол учурда, акимият 22 жаштагы жигит Кант шаарына барган эмес деп билдирген.

Кечээ, 20-апрелде өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы бир күндө Кыргызстанда коронавирус диагнозу коюлган эки адам каза болгонун билдирди.

Каза болгондор Чүй облусунда 70 жаштан ашкан аял жана Ош шаарында 79 жаштагы эркек адам. Министрдин орун басарынын айтымында, алар ооруканага кеч кайрылышкан.

Жалпысынан, Кыргызстанда 7 адам коронавирус илдетинен көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: