“Биз коррупцияга каршы системалуу күрөштү баштап, мамлекеттик башкаруу органдарын, айрыкча жогорку бийлик эшелондорун бул жаман өнөкөттөн катуу тазалай баштадык. Коррупцияга каршы биз катуу күрөш жүргүздүк”, – деп билдирди 31-августта Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында эгемендик күнүн белгилөө салтанатында.
“Мени бул иште эч нерсе – ким болсо да, кандай кызмат ээлебесе да, досум болобу же тууганым болобу, айтор, токтоткон жок. Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок. Акыркы беш жылдын аралыгында гана 7 миң коррупциялык ишмердик, анын ичинде эң жогорку бийликтеги чиновниктерге карата катуу чуулуу кылмыш иштери аныкталды. 2005-жылдан кийин Бакиевдер өлкөнү тоной баштаган, 2010-жылдан кийин айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү элди тоноого аракет кылышты. Мурдагы коррупциялык системага кайра кайтпайбыз. Кыргызстан эли эми буга жол бербейт деп ишенимдүү айта алабыз”, – деди Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ