Menu

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты (“Ата Мекен” фракциясы): “Атамбаевдин баш мыйзамында “миналар” көп”

Бөлүшүү:

– Алманбет мырза, өткөөл мезгилде кабыл алынган, сиздер өзгөрүшүнө каршы болуп жаткан 2010-жылкы Конституцияда президент айткандай “миналар” катылганбы?

– Революцияга чейинки жазылган баш мыйзамда мина эмес, бомбалар бар болчу. Жарандык коом кыйкырып атып тазаланган. Бирок, апрелде Атамбаев “бул Конституцияда миналар бар экен. Жаш премьер менен президент тиреше кетсе, бири армияны, бири ИИМди алып чыгып согушабы?”- деген. Калыстык үчүн айтып коёюн. Өзгөртүлө турган Конституцияда андан чоң “миналар” катылганы жатат. Айтайын дегеним,  президенттин укугу кичине болсо да жогорулайт, премьер-министрдин бийлиги эбегейсиз көбөйөт, сот көз карандысыздыгынан арылат, парламент толугу менен саясий мүмкүнчүлүктөрүнөн жана рычагдарынан айрылып, чөнтөк парламентке жол ачылат. Ошондой эле сотторду ротациялоо, сотторду жазалай турган дисциплинардык комиссияга президенттин өкүлдөрүн киргизүү, коргоо министрин жана коопсуздук комитетин, башкы прокурорду орун басарлары менен кошо кызматка алуу жана бошотуу вазийпасы президентте калып жатат. 89-статьянын биринчи бөлүмүндө “премьер-министр мамлекетте болуп жаткан бардык иштерине тикелей жооп берет” деп турат. Бирок, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Коргоо министри премьер-министрдин  эмес, президенттин карамагында го. Кокус президент менен премьер-министр эки башка лагерден келип калса, жанагындай чыр чыгып кетсе, чын эле бомба жарылып кетсе не болот. Ушул жагын да эске алсак жакшы болмок. Айтайын дегеним, шашпай баарын кылдат иликтеп, анан Конституцияны кабыл алсак болмок. Себеби, азыркы Конституцияда парламенттин мүмкүнчүлүгү кыскарып, премьер-министрге да “вето” коюу укугу берилип атат, ошондой эле коалиция урабай турган норма да киргизилип жатат. Келген премьер-министр 6 жылга түшпөс хан болуп шайланат. Бул жагдайда бир же эки партиянын авторитардык бийлиги орнойт.

– Атамбаевдин К.Батыров менен болгон мамилеси боюнча Текебаевдин  ынанымдуу далилдери барбы?

– Ал далилдер Батыровдун өзүндө болсо керек. Кадыржан Батыров буга чейин бир канча жолу интервью берген. Биринде да “Текебаевге жолуктум” деген эмес. Ошон үчүн  Батыров ким менен мамиле түзүп, Кыргызстандан чыгып кетерде кимдердин жардамын көргөнүн башкадан эмес, өзүнөн сурасак жакшы болмок.

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: