Сапар Исаков 25-26-сентябрда, Ош облусуна эки күндүк жумуш сапары менен барат. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Өкмөт башчысы Ош облусунун өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардан жабыр тарткан аймактарында болуп, социалдык жана билим берүү объекттерин калыбына келтирүү, курулуш иштерин текшерет жана Өзгөн районундагы жергиликтүү тургундарын көчүрүү үчүн бөлүнгөн жерлерди иштеп чыгуу менен таанышат.
Тактап айтканда, Сапар Исаков, Чоң-Алай районунун Карамык айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, В.И. Ленин атындагы орто мектептин абалын жана райондук оорукананын курулушун карап чыгат. Ошондой эле, Өкмөт башчысы Кулчу айылындагы орто мектептин курулуш ишинин жүрүшүн текшерет. Чак айылындагы айылдык мектептеги бүтө элек имараттын спорт залын жана Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы курулуш иши токтотулуп турган орто мектепти карап чыгат.
Иш сапарынын экинчи күнү, Премьер-министр Өзгөн районунун Ак-Терек айылындагы орто мектебин куруу иши менен таанышат, Курбу Таш айылындагы орто мектептин абалын карап, айылдын ички жолдор курулушун карап чыгып, ушул райондун жаратылыш алааматтарынан жапа чеккен айылдарынын тургундарын көчүрүү үчүн бөлүнгөн “Ана Кызыл” жана “Жаман-Адыр” аймактарындагы участокторду өздөштүрүү иштери менен таанышат.
Мындан тышкары, Сапар Исаков ОшМУнун медициналык лабораториясын көрүп, студенттер менен жолугушат. Ошондой эле Ош облусунун Араван районундагы “ЮКСМ” ЖЧИ цемент заводунун иши менен таанышат.
Ошону менен катар, Өкмөт Башчысы Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун базарларына барып, ал жакта жашаган үй-бүлөлөргө барууну пландоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ