Menu

Статком Кыргызстандын импорт көлөмү төмөндөшүнүн себебин айтты

Бөлүшүү:

2019-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын тышкы соода катнашы 4,4 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук сатистикалык комитет билдирди.

Ушул эле мезгил аралыгында импорттун көлөмү 3 млрд 192,3 млн долларды түзгөн. 2018-жылга караганда келген импорт төмөнкү тармактарда азайган: булгаары буюмдары – 2,6 эсе, кимий-кече – 2,2 эсе, химиялык жиптер менен булалар – 1,6 эсе, бут кийим – 1,6 эсе, кум шекер жана кум шекерден жасалган таттуулар – 28,4 пайызга, мунайзат – 18,5 пайызга, чоймо буюмдар – 10,7 пайызга, желим буюмдар – 9,7 пайызга азайган. Импорттун төмөндөө себеби – дал ушул азайыштан келип чыгат.

Ошол эле учурда жыгач жана андан жасалган буюмдар – 1,7 эсе, жашылча – 1,6 эсе, дан өсүмдүктөрү (буудай, күрүч, жүгөрү) – 46,5 пайызга, жер семирткичтер – 37,1 пайызга, электр машинелер менен жабдыктары – 32,7 пайызга, кара металлдан жасалган буюмдар – 20,3 пайызга, дары-дармектер – 8 пайызга, жемиштер менен жаңгак – 2,7 пайызга көбөйгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: