Menu

Кайгуул кызматкери айдоочуну атты

Бөлүшүү:

Кант шаарында Кайгуул милициясынын кызматкери “Лексустун” айдоочусун машинасын патрулдук кызматтын талабы боюнча токтотпой, укук коргоо кызматкерин сүзгөндөн кийин жарадар кылган.

Маалыматка ылайык, 12-октябрда инспекторлор “Лексус” үлгүсүндөгү автоунааны токтотууга аракет кылышкан. Себеби, айдоочу жолдо баратып телефон менен сүйлөшкөн.

“Лексус” унаасынын айдоочусу милиционерлердин токтотуу талабына карабастан айдоону улантып, бир инспекторду сүзүп, андан соң окуя болгон жерден кетип калган.

Мындан кийин милиционерлер кууп бара жатышкан машинага жетип барып аны токтотуу аракетин көрүшкөн.

“Айдоочу, авариялык абал жаратып, үн күчөткүч жабдыгы иштеп бара жатканына жана кызматкерлердин микрофон аркылуу көрсөтмөсүнө карабастан кайгуул кызматынын автоунаасына ашып өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей койгон”,- деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Натыйжада милициянын бир кызматкери эскертүү катары асманга ок чыгарып, андан кийин “Лексустун” дөңгөлөгүн теше аткан. Айдоочу машинасынан чыгып милиционердин тапанчасын тартып алууга аракет кылганда инспектор ага ок чыгарган.

“Белгисиз айдоочу кызматкердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, андан тышкары, курал колдонуулары тууралуу оозеки эскертүүлөрдү этибарга албай, куралды ээлеп алуу максатында каршылык көрсөткөн, натыйжада курал колдонулган”,- деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Бул укук коргоо органдарынын кызматкери табелдик куралдан жаранды жарадар кылган бир аптанын ичинде болгон экинчи учур. 9-октябрда Уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн башчысы Бишкектеги жолдо чыккан жаңжалдан улам бир адамга карата да ок чыгарган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: