Депутат Марат Аманкулов “Биримдик” партиясынын төрагалыгынан кетти, ага кошумча аталган партиянын курамынан да чыкты. Бул тууралуу Марат Аманкулов депутат Дастан Бекешев менен болгон чакан маегинде билдирди. Дастан Бекешев маекти Телеграм каналына жарыяланган.
“Ооба, бул чын. Мен төрагалыктан кетип, “Биримдик” партиясынан чыктым. Азырынча бир дагы партияда эмесмин”, – деди Марат Аманкулов.
Ошондой эле ал болжолдуу түрдө 2021-жылы жазында боло турган парламенттик шайлоого катышууга ниети жок экендигин баса белгиледи.
“Шайлоо (парламентке) менин планыма кирбейт. Мен илимий-агартуучулук ишмердик менен алектенем деп ойлойм”, – деп жыйынтыктады Марат Аманкулов.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил деп саналган “Биримдик” партиясы жеңишке жетишкен партиялардын бири болгон. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө партияга бир нече жолу №2 форма аркылуу добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонгон деген айып тагылган. Бирок шайлоодон кийинки митингдерден кийин БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ