Menu

Канатбек Исаев: “Садыр Жапаров мыйзамды одоно бузуп, артыкчылыкка ээ болуп, жакындарын болгон кызматтарга коюп, анан шайлоого аттанып жатат”

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты башталып, биринчи турда Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышты.

Теледебаттын жүрүшүндө президенттикке талапкер Адахан Мадумаров атаандашы Канатбек Исаевден “эмне үчүн 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин президенттин м.а. болуудан баш тарттыңыз”, – деп сурады.

Исаевдин айтымында, ошол учурда ал президенттик шайлоого катышам деп чечим кабыл алган, бирок ал мыйзам боюнча эгерде мамлекет башчысынын м.а. кызматын аркаласа, анда президенттикке талапкерлигин коё албай тургандыгын билип, андан кийин кызматтан баш тарткан.

“Садыр Жапаров мыйзамды одоно бузуп, артыкчылыкка ээ болуп, жакындарын баарын болгон кызматтарга коюп, анан шайлоого аттанып жатат. Буга чейин президенттер бир партияга таянып алып шайланат деп Атамбаевди сындасам, бүгүн бардыгы кайталанып жатат. Башкы прокурор, УКМКнын төрагасы, Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору бардыгы “Мекенчил” париясынан. Акимдерди, башка кызматтарды айтпай эле коёюн. “Мекенчилден” арткан кызматтарга кудалар коюлуп жатат. Анан кантип биз шайлоого бирдей шартта катышып жатабыз деп айта алабыз? Эгер ал утуп калса, шайлоонун жыйынтыгына эл кантип ишенет? Ошол себептен, мен шайлоого катышам, демек президенттин милдетин аткара албайм деп өз ыктыярым менен баш тарткам”, – деди Исаев.

“Сизди президенттин милдетин аткаруудан баш тартпасаң үйүңдү барып өрттөйбүз” деп коркутушканбы? – деп сурады Мадумаров Исаевден.

“Мен Кудайдан гана корком, андан корккон жокмун. Бирок, мындай ураандар айтылып жатты, барыбыз көрүп жаттык. Эмне себептен бирөөнө дагы мыйзамдуу түрдө чара көрүлгөн жок? 9-октябрда борбор аянтта тапанча менен белгилүү саясатчыларга ок атып, ошонун бири да жоопкерчиликке тартылган жок. Ушундай жол менен бийликке келгендер мамлекетти оңдойбу? Булар туңгуюкка алып барып тыгат. Ошон үчүн элибиз ойлонуп чечим кабыл алыш керек“, – деп жооп берди Исаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: