Токтогул районунда селдин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда КРнын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24-июнь күнү саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100 метр суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 250 метр ички чарбалык жолун каптаган, жол каттамы ачык унаалар кыйынчылык менен өтүүдө, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.
Жерине райондук ӨКМ бөлүмүнүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.
Тартылган техникалардын жардамында калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Калыбына келтирүү иш-чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ