Кыргызстандын 2 авиакомпаниясы бар, аларга таандык 3 учактын бирөөсү гана уча алат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
“Кыргызстандын 2 мамлекеттик авиакомпаниясы бар. Алар: “Эйр Кыргызстан”, “ЭйрКейджи”. Азыр “Эйр Кыргызстандын” бир учагы бар, ал 6 айдан бери оңдоодо жатат, аны оңдоп ишке киргизүүгө каражат жок. Ал эми “ЭйрКейджиге” таандык Ту-154 борту учат, дагы бир учагы иштебейт.
Биздин авиа каттамдардын акцияларын чет өлкөлүк компанияларга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкпай жатат. Биз үлүштү 75 пайызга чейин көтөрдүк. Азырынча жыйынтык жок”, – деди Калилов.
Мындан тышкары депутат Аалы Карашев жок дегенде ички каттамдарга учактарды алып, коопсуздук маселесин камсыз кылбаса бүгүнкү күндө коркунуч бар экенин эскертти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ