Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Тышкы иштер министри Абдаллы бен Заида аль-Нахаяна өзүнүн Twitterдеги баракчасына “Осмон империясынын башкы колбашчысы Фахреттин Паша өткөн кылымдын башында Мединадан ислам реликвияларын уурдап, Түркияга алып кеткен” деп жазып чыгары менен Түрк тарап ага каршы чараларды көрдү, деп жазат түрк ММКлары.
Түркиянын борбор шаары Анкаранын мэриясы БАЭнин элчилиги жайгашкан көчөнүн атын өзгөртүп, ага Фахреттин Пашанын атын ыйгаруу боюнча чечим кабыл алды.
Азыр көчөнүн аты жазылган тактайчалар өтө тездик менен даярдалып жатат, кийинки жуманын башында көчөнүн жаңы аты жазылган тактайчалар бүт алмаштырылат.
Булак: Trend.az
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ