Menu

Мумиянын аркасы менен кызматка келген Жумагулов ал боюнча оюн “тарс” эткизди

Бөлүшүү:

Эсиңерден чыга элек да. Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаковдун учурунда мумия чыры чыгып, 1970-жылдардан бери музейде турган табылга изилденбей жатканы айтылган. Андан соң чырдуу «Мумия» Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге көмүлгөн. Бирок, парламенттик комиссия мумияны ордуна кайтаруу боюнча маселе көтөрүп чыкты. Эми бул маселе жаатында токтом кабыл алынса өкмөт мумияны ордуна кайтаруу боюнча иштей баштайт. Ошол эле маалда Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мумия боюнча так пикирин билдирди. «Сейрек экспонаттар музейде турушу керек. Дүйнө мамлекеттери мындай баалуу табылгаларды казып таба албай жатса, биздин көөмп салганыбыз туура эмес. Көмүлгөн мумия коомдук резонансты жаратып калды. Эгер ал ордуна кайтарылса, окумуштуулар аны изилдөөгө жана аны сактоо үчүн жардам берүүгө даяр» – деди Жумагулов. Так ушул мумиянын арты менен министрлик ээрге минген Султан мырзадан маселенин так-аныгын тарс эткизе айтып салуу жаатында эт менен челдин ортосунда жүргөн аткаминерлер үлгү алышса.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: