Menu

Фарид Ниязовдун “махинациясыбы”?..

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Фарид Ниязовдун өз колу менен жазган декларациясына таянып, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев анын 13 кыймылсыз мүлкү бар экенин айтып чыкпады беле? Бул маалымат мамлекеттик кадр кызматынын маалыматынан алынган. Бирок Текебаев жаңылып калыптыр. Көрсө, 13 эмес 14 объекти тура.

Ушундан кийин президенттин аппараты бул маалыматты жокко чыгарып, декларациясында 45 чарчы метр жер участогу жана айыл чарба багытындагы эки жер тилкеси бардыгын айтып, актанып чыгышкан. Муну кандай түшүнсө болот? Мамлекеттик каттоо кызматына ал 14 кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу жазат да, ал эми маалымат бергени келгенде жокко чыгарат. Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына кирип, текшерүү деле көп кыйынчылык жаратпайт. Бирок, декларацияны деле жасап коюшат турбайбы? Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун декларациясы деле сайттан жоголуп кетип, бир жумадан кийин “апакай” бойдон пайда болбоду беле?

Албетте, алтымышка жакындап калганда Текебаев айткандай, ал деле мынча мүлккө ээ болууга укуктуу. Маселе маалыматты жаап-жашыргандыгында болуп жатпайбы? Кептин баары КТРК аркылуу Текебавге жалаа жаптырып коюп, өз мүлкүн ачыкка чыгаргысы келбегендигинде болуп жатпайбы? Санын азайткан күндө деле аянтын кайда алып барат? Фарид Ниязов баардык жер тилкелерин чогултуп туруп, бир тилке катары көрсөтсө деле 40 гектарды кантип жашырат?..

Канышай Мамыркулова  

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: