Menu

Аксынын бир катар айылдарында электр мамылары начар абалда абалда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында жер-жерлердеги электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абаддын Аксы районунун Авлетим, Жерге-Тал, Кара-Суу, Ак-Жол айыл өкмөттөрүндө электр мамылары начар абалда, алардын 65% жараксыз экендигине токтолду. Анын айтымында трансформаторлордун күчү жетпей электр кубаты чырактай болуп, жергиликтүү эл жада калса телевизор дагы көрө албай жатышат.

Жалал-Абаддын Базар-Корон районундагы Кара-Үңкүр дарыясы жаз менен суу киргенде айыл чарба жерлерине бир топ зыян алып келет. Кара-Үңкүрдүн оң жагындагы Арал, сол жагыдагы Сейдикум айылдарына өзгөчө коркунуч жаратууда. Эми суу кирсе, айылдардагы тамдарды сел алышы толук мүмкүн. Ал үчүн алдын ала 400 метр дамба куруу маселесин өткөн жыйындардын биринде депутат Сайдулла Нышанов билдирген эле. Бул ирет дагы депутат кайрадан маселе көтөрүп, жаз алды менен болуп кетүү коркунучу жогору болгон селдин кесепетин өкмөткө эскертти. Сайдулла Нышанов электр мамылары начар абалдагы Базар-Коргондун Жай-Терек айылынын көйгөйүн кошумчалады.

Депутат Карамат Орозова мектеп, бала бакча, социалдык үйлөр жана башка курулуштар жүрүп, алар электр кубаты менен камсыздалып жатканын жакшы саамалык катары баалады. Ошону менен катар депутат Баткен облусунда мындай алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтып, дотациядагы айылдарга электр кубаты боюнча лимит берүү жагы каралса дейт.

Турак-жайларды камсыздандыруу боюнча мамлекеттик компания өз ишин баштады. Анын концепциясы да абдан мыкты. Ош облусунун Ноокат районунун эли камыздандыруу маселесине оң көз караштары менен жакшы ой-пикирлерин билдиришкен. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова маалымдап, ноокаттыктар үйлөрүнүн документтери жок камсыздандыра албай жатканына кабатырланып жаткандыгын билдирди. Анын билдирүүсүндө, жашоочулар үйлөрүнүн документтерин бүтүрүү үчүн тиешелүү мекемелерге 15-20 миң сомдой акча каражаты төлөгө муктаж экен. “Андыктан, айыл тургундарынын үйлөрүн документтештирүүгө көмөк көрсөтсө мамлекетке дагы, элге дагы жакшы болот эле”,- дейт Махабат Мавлянова.

Өткөн кылымдын 90-жылдарында Кыргызстанда жалпысы 1 млн 900 миң га сугат жери болгон. Бүгүнкү күндө 1 млн 200 миң га сугат жери бар. Анын 200 миң гектары дагы иштетилбейт. Мындай сандык маалыматтарды ортого салган депутат Тынчтык Шайназаров республика аймагындагы 400дөн ашуун айыл өкмөт башчыларынын айыл чарбасынын потенциалын көтөрүү, инвестиция тартуу боюнча кандай иштер жасалууда, ишканаларды ачып, канча жумуш орундары түзүлүүдө деген суроолорго жооп күтөрүн Өкмөткө багыттады.

Депутат Айнура Осмонова айылдардагы маданият үйлөрүнүн абалы боюнча маселе көтөрүп, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан айылдардын маданият үйлөрүн инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп жатабы деген суроону Өкмөттүн астына койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: