Menu

Эмилбек Каптагаев, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: “Роза Исаковна президенттин кечээги айткан сөзүнөн коркуп, кача турган мажирөө киши эмес”

Бөлүшүү:

— Эмилбек мырза, президент А.Атамбаевдин 31-август күнү, сиздерди “өлө тердеткен” сөзүнө теригип жүрөсүзбү?

— Президенттин элдин майрамдык маанайына, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдык мааракесине ылайыгы жок сөз сүйлөгөнүн эл айтып жатат. Конституцияны сөзсүз азыр өзгөртүүгө келтирген жүйөөлөрү да негизсиз. Азыр Баш мыйзамды өзгөртсөк ошол бойдон калып калат, мындан аркы эл башкаргандар анын чегинен чыкпай иштейт деген сөз негизсиз, тетирисинче, азыр ушул Конституцияга кол салуу менен мындан аркы “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген саясатка кеңири жол ачылат. Азыр Президентти шыкактап аткандардын ою деле ошол, эмдиги жылы бийликке келсек колу-жолубуз бош болсун деп атышат алар. Албетте Роза эжеге карата айтылган сөз мени дагы абдан кыжалат кылды, ал кишиге карата андай мамиле кылууга болбойт эле.

— Роза Отунбаеванын дарегине айтылган сөздөрдөн кийин аны коргоп чыкканыңыздар көп байкалбай жатат да?

— Мен окугандан, эл ичинде болуп, пикир уккандан тескерисинче элдин кеңири катмары колдоп жатат дейт элем.

— Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионаты сиздин жакындарыңызга катталганы айтылып жатат. Колдон келип турганда сиз дагы пайдаланып калайын дедиңизби?

— “Витязь” деген мамлекеттик ишкана, анын ээси Мамлекеттик мүлк фонду, Өкмөт. Ар кандай ушактарды тарата бербей ошол жактан маалымат алышса болмок. Бирок атайын эле ошентип таратып жатышат да, бет тырмарлык деп коёт муну.

— Сиз Роза Отунбаеванын администрация башчысы болуп иштегенсиз. Ал киши Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт жасатып бергендиги боюнча эмнени билесиз? Бул каңырыш эмеспи? Каңырыш болсо убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Топчубек Тургуналиев кайсыл маалыматка таянып жатат?

— Батыров боюнча карандай жалган. Атайын эле таркатылып жаткан беттырмарлык ушак. Ал эми Топчубек келжирей берет да.

— Роза Исаковна Европага учуп кетти деген жаңылыктар чыгып жатат. Төңкөрүш кылууга тыйын издеп кеткен жокпу? Балким ошол жактан баш калкалап кеткен жокпу деген суроолор көбөйүп кетти.

— Роза Исаковна президенттин кечээги айткан сөзүнөн коркуп, кача турган мажирөө киши эмес. Тескерисинче, ал аял киши болсо да бүгүнкү бийлик башындагылардан эрктүү. Аны качып кетти дегенди ичи бузуктардын чыгарганы болуу керек. Кай бири чет жактан иш издеп жүрөт деп да жазып жатышпайбы. ОБСЕде эң чоң кызмат ордунун бирин сунуш кылышкан. Ошого сүйлөшүп, ал жактын пикирин билип келүүгө кетти. Роза Исаковна азыр дагы ички саясатта таасири күчтүү инсандардын бири, ал кишинин Акаевди дагы, Бакиевди дагы кетирүүдөгү орду опол тоодой экенин эч ким тана албайт.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: