Menu

Казакстан чек ара бекеттерин жаңылоо үчүн Кытайдан жеңилдетилген насыя алат

Бөлүшүү:

Бүгүн Казакстан сенатынын депутаттары Кытайдан эки пайыздык чен менен 2 миллиард юань (298 миллион доллар) өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Насыя 20 жылдык мөөнөткө берилет. Бул акчага казак өкмөтү чек арадагы тогуз автоунаа жана бир темир жол өткөрмө бекетин жаңыртууну пландап жатат.

– Бул максатта ЕАЭБ чек арасынын Казакстан бөлүгүндөгү бажы инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Азыркы инфраструктура күндөн күнгө көбөйүп жаткан автоунаа агымын бир калыпта өткөрүүгө мүмкүндүк бербейт. Мисал катары казак-өзбек чек арасын айтсак болот. Анда 100дөн 300гө чейин жүк унаасы топтолуп калууда», — деди өлкөнүн каржы министри Алихан Смаилов.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууну быйыл жыл соңунда баштап, 2022-жылы бүткөрүү пландалууда.

Жеңилдетилген насыя тууралуу Казакстан менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга былтыр июнда, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Пекинге жасаган сапары маалында кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: