Menu

Тажикстан энергосистемасын Ирандыкы менен бириктирүүгө даяр

Бөлүшүү:

Экономикалык, техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Тажикстан менен Ирандын өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйыны Тегеранда өттү.

Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода өлкө ири көлөмдөгү суу ресурсуна ээ экенин жана электр энергиясы менен Борбор Азиядагы мамлекеттерди камсыз кыла аларын айтты. Ал Тажикстан өз энергосистемасын Ирандыкы менен бириктирүү мүмкүндүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Тажик министри өлкө дарыяларына бир нече ГЭС курууну көздөп жатканын жана алардын курулушуна ирандык адистер катыша ала турганын белгиледи.

Иран Тажикстандын ири энергетикалык жана коммуникациялык долбоорлоруна катышууда. Өлкөнүн түндүгүндөгү «Истиклол» ири тоннели менен «Сангтуда-2» гидроэлектрстанциясы ирандык инвестицияга курулган.

Комиссиянын жыйынында тараптар «Сантуда-2» ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясы үчүн Тажикстандын карызын да талкуулашты. Иран ММКлары өлкөнүн энергетика министри Хамид Читачианга шилтеме кылуу менен Тажикстан Борбордук Азиянын бирдиктүү энергосистемасын бөлгөндүгү үчүн өз электр энергиясын экспорттой албай турганын жазышты. Иран министри өлкөнүн «Сантуда-2» ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясы үчүн карыз болушунун себеби ушунда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: