Menu

Райымбек Усупжанов: “Бир күндүк кырсык, элибиздин ынтымагы күчтүү, ал эми бийликтегилердин алсыз экенин далилдеп койду”

Бөлүшүү:

Кечээ күнү күтүүсүздөн элибиздин башына түшкөн кырсык, мамлекет менен өкмөт башчысынын, спикер менен депутаттардын, деги эле койчу, “мен кыйынмын!” деп өпкөсүн каккандардын, кыскача айтканда “ким-ким” экенин далилдеп койду. Калкыбыздын башында кайгынын кара булуту айланып турганда “Биз эл мененбиз!” деп бизнес-борборлоруна ураан жазып, бизнесин коргогондор бир ооз жардам берели дегенге жарашкан жок.

Карапайым калк өздөрү демилге көтөрүшүп, жабыр тарткандарга кандай жардам берсек? дешип, жылуу кийим-кече, ысык тамак-аш уюштуруп. Ал эми таксисттер машинасына өздөрү бензин куюшуп керектүү дарек боюнча жеткирип берип жатышты. “Мына биз келдик. Силердин кайгыңарды чогу бөлүшөлү. Бир кезде бизди колдоп бердиңер эле, эми биз силерди колдойлу. Бизден кандай жардам керек?” дегендер болбоду. Анын ордуна депуттатар өрт өчүргүчтөрдү күнөөлөп жатышты “Силердин кесепетиңерден өлүм көп болду” дешип. Өкмөттүн “жооптуу” кишилери самолеттун белгисиз деталын “кара жашикке” алмаштырып алышып, ”таптык!” дешип, отчет бергенге үлгүрүштү. Анысы эртеси калп болуп чыкты. Ушул болгон бир күндүк кырсык элибиздин ынтымагы күчтүү, ал эми бийликтегилердин алсыз экенин тастыктап койду. Мындан тышкары депутаттардын “элдик” экени да күмөн туудуруп салды

Райымбек Усупжанов, катардагы жаран

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: