Menu

CNBC: «Буревестник» ракетасын сыноо беш жолу ийгиликсиз аяктаган

Бөлүшүү:

Орусия 2017-жылдан бери «Буревестник» ракетасын кеминде беш жолу сыноодон өткөрүп, бардыгы тең ийгиликсиз аяктаган. Бул тууралуу CNBC телеканалы АКШнын Чалгындоо кызматынын баяндамасы менен тааныш булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, сыноолордун жүрүшүндө «Буревестник» эң узак эки мүнөттөн ашык, эң аз төрт гана секунд учкан.

АКШ Чалгын кызматынын баамында, көптөгөн ийгиликсиз сыноолорго карабастан, Орусия кийинки алты жылдын ичинде ракеталар «согушка даяр болушу үчүн» долбоордун алкагындагы иштерди тездетүүгө ниеттенип жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин «Буревестник» ракетасы тууралуу алгачкы жолу былтыр Федералдык кеңешке жолдогон кайрылуусунда сөз кылган. Ал бул ракета каалаган аралыкка жете ала турганын билдирген.

АКШ «Буревестник» ракеталарынын ийгиликсиз сыноосун 8-августтагы Нёноксе полигонундагы жарылуу менен байланыштырган.

Бирок Орусия жарылуу «Буревестникти» сыноо маалында болгонун расмий ырастаган жок. Өлкөнүн Коргоо министрлиги жарылуу суюк реактивдүү кыймылдаткычты сыноо учурунда кокустан болгонун билдирген. Бул авариядан кийин аймакта кыска убакытка радиациялык фондун көбөйгөнү байкалган.

«Свобода» радиосу Нёноксе полигонундагы жарылуу тууралуу ачык булактардагы маалыматтарды иликтеген. Натыйжада Росатомдун беш адиси менен эки орус жоокери «Буревестникти» сыноо маалында эмес, буга чейинки ийгиликсиз сыноодон кийин кулап түшкөн ушундай эле ракетаны Двина булуңунан алып чыгуу учурунда каза болгон деген жыйынтыкка келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: