Menu

Иорданиядагы казак туристтерге сак болуу кеңеши берилди

Бөлүшүү:

Казакстан Иорданияда жүргөн туристтерин коопсуздук чараларын сактоого, эл көп топтолгон жайлардан оолак болууга жана Иордания бийлигинин талаптарын аткарууга чакырды.

Туризм индустриясы департаментинин директору Марат Игалиев Фейсбуктагы баракчасында казакстандык туристтерди Иорданиядагы жоочулардын чабуулунан кийин сак болууга чакырды.

Марат Игалиев туристтерди Иорданияга жөнөткөн туроператорлорго кайрылып, өз кардарларын ал жактагы коркунучтуу кырдаал жөнүндө эскертүүгө үндөдү.

Иорданиянын Карак шаарында он адамдын өмүрүн алган чабуулдан кийин тургундар бийликтен коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылышууда. Жекшемби күнү белгисиз чабуулчулар туристтер көп топтолгон чепке кирип келип, ок чыгарышкан. Анда 10 адам мерт кеткен, арасында Канаданын бир жараны бар. 27 киши жаракат алган. Полиция төрт чабуулчуну атып өлтүргөнүн кабарлады.

Бул Иорданиядагы соңку жылдардагы эң кандуу чабуул болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: