Menu

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда коронавирус илдетин жуктуруп албоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу учурунда коронавирус илдетин жуктуруп албоо, ошондой эле алдын алуу максатында кандай эрежелерди аткаруу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өздүк курамга нускаманы Кыргыз Республикасынын ИИМдин медициналык кызматынын дарыгери Чынара Иманалиева өттүп, коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоодо ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын кантип туура сактоо жөнүндө түшүндүрүп кетти. Күн сайын кызматкерлерге кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен кызмат аткарууда тиешелүү нускамалар өткөрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: