Menu

Кыргызстанда өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрү өтө жогору, – дейт Жээнбеков

Бөлүшүү:

«Кыргызстанда жасалган» бренди менен чыгарылган продукциялар ЕАЭБ өлкөлөрүндө гана эмес, Европалык рынокторго да кеңири чыгууга тийиш,- деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мода индустриясы:буюмдар жана жабдуулар-2017» 11-Эл аралык көргөзмөдө. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков келечекте жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында Өкмөт төмөндөгүдө багыттарда максаттуу иштерди алып барып жаткандыгын эске салды: республиканын региондорунда автономдук өндүрүштүк түзүмдөрдү (технополистерди) түзүү; пахтаны кайра иштетүү жана жибек өндүрүшүн калыбына келтирүү; инвесторлорду тартуу аркылуу Ош шаарында жана Ош областында  индустриалдык парктарды уюштуруу;  Кыргызстандын өзүнүн жүн жана тери сырьёлук базасын түзүү үчүн мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн адистештирилген программасын кабыл алуу; текстиль өнөр жайын, ошондой эле республиканын лабораториялык сыноо базасын модернизациялоо жана өнүктүрүү.

«Биз Сиздер менен  бирге  өлкөнүн тигүү жана текстиль тармагын дагы өнүктүрүшүбүз керек. ЕврАзЭС жана Вьетнам ортосунда эркин соода аймагы тууралуу Макулдашуулар күчүнө киргенде дагы жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошол эле убакта атаандаштыкка туруктуулук үчүн болгон  күрөш күч алат. Россия, Казакстандын рыногунда кеңири  тараган “Кыргызстанда жасалган” бренди менен чыгарылган продукциялар ЕврАзЭС өлкөлөрүндө гана эмес, Европалык рынокторго да кеңири чыгууга тийиш», – деди Өкмөт башчысы.

Жээнбеков өндүрүштүн 2016-жылдагы көлөмү 5,2 млрд сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 44,6 млн сомго өскөнүн билдирди.

«Бүгүнкү күндө биздин тигүүчүлөрдүн жетишкендиктерин сыймыктануу менен белгилесек болот. Анткени ата мекендик текстиль өнөр жайы республикада гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн рынокторунда дагы өзүнүн туруктуу позициясын ээлей баштады.  Бул тармак 150 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Ал эми он миңдеген жарандарыбыз Россиянын жана Казакстандын рынокторуна бизде тигилген продукцияларды жеткирүү менен алектенишет. Кыргыз Өкмөтү бизнес-ассоциациялары, анын ичинде “Легпром” ассоциациясы менен бирге тигүү тармагын легалдаштыруу жана Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн рыногун кеӊири өздөштүрүү боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан тышкары, ал ишкердик демилгелер Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан жакшы колдоолорду ала баштаганын, Фонддун кредиттик саясатында текстиль өндүрүшү  артыкчылыктуу багыттардын бири катары караларын кошумчалады. Ага мисал катары Токмок шаарында ачылган “Текстиль Транс” ишканасынын ачылышын айтууга болот. Премьер-министр ушул сыяктуу жарманке-көргөзмөлөр тигүү тармагында жаңы горизонтторду ачууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишенерин билдирди.

«Бүгүнкү көргөзмө-жарманкеси – ата мекендик тигүү жана текстиль продукцияларын демонстрациялоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жеңил өнөр жайынын көргөзмөлөрүн жер-жерлерде дагы көбүрөөк уюштуруу керек. Алар биздин  өндүрүүчүлөрдүн  продукцияларын өлкө ичинде кеңири жайылтууга жана сырткы рынокко чыгарууга чоң жол ачат», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Көргөзмөдө 50дөн ашык ата мекендик жана 6 чет элдик ишканалардын  300гө жакын ар кандай продукциялары коюлган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: