Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жаңы сайт иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.
“Биз жаңы сайт иштеп чыктык. Сайт 5 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктү ачсаңыз, ал жактан улутташтырылган жана конфискацияланган объекттер боюнча маалыматтарды көрө аласыз: 47 улутташтырылган жана 125 конфискацияланган объект бар. Экинчи бөлүк ижара бөлүмү. Биз бардык шаарлар, облустар кирген реестрди иштеп чыктык. Ал жерде 2012-жылдан 2020-жылга чейинки толук маалыматтар бар. Анда кайсы бир объектти ким, качан, канча мөөнөткө ижарага алганы тууралуу маалыматты көрүүгө болот”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ