Menu

Иса Өмүркулов, депутат: Бүгүнкү күндө кадрлардын кесипкөйлүгүнө эмес, тааныштыгына, куда сөөк экендигине карай мамиле жасалууда

Бөлүшүү:

-Иса Шейшенкулович, азыркы учурда өндүрүшчү катары ишканалардын көбү банкрот болуп жатканынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Бүгүнкү күндө миңден ашуун мамлекетгик ишкана бар. Алардын көбү иштебейт, жүздөйү эле иштейт. Иштебегендердин баарында ликвидатор отурат. Аларды маммүлк фондусу дайындайт. Алар ишкананы кайра жандандырууга эмес, сатууга кызыкдар болот. Себеби, саткан суммадан бир топ пайызын ошол ликвидатор алат. Анан ал кантип ишкананы «иштеп кетсин» деп аракет кылсын?

– Кадр маселеси боюнча кандай сунуштарыңыз бар?

– Кадр маселесине да кылдат мамиле кылыш керек. Бүгүнкү күндө алардын кесипкөйлүгүнө карабай эле жакындыгына, таанышыгына, куда-сөөк экендигине карап мамиле болууда. Кесипкөйлүгүн, тажрыйбасын караш керек. Ошондо гана стабилдүү иш болот. Андай тандоо болбосо, жалпы экономикабыз зыянга учурайт.

– Статс-катчылык боюнча ар кандай талаштар, сунуштар чыгууда. Сиз кандай ойдосуз?

– Ооба. Статс-катчылар деген институт, алар боюнча өзүнчө мыйзам бар. Ал институт кадрлар менен гана иштеши керек. Жетекчилер алмашат, бирок, статс-катчылар алмашпайт. «Жолун улантуучулук болсун» деген ниет менен ошондой мыйзам кабыл алынган. Бирок, бүгүнкү күндө жаңы келген жетекчи статс-катчыны да жумуштан алып салып атат. Жакпай калат, алып салат. Болду. Мыйзамды тоготпойт. Мына ушул дагы көп зыяндарды алып келүүдө.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: