20-июнь күнү Ички иштер министирлигинин тергөө кызматына “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди 2013-жылы 9-апрелде мыйзамсыз абактан бошотуп жиберген Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов жеткирилип, сураккан алынгандан кийин 48 саатка абакка алынган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
22-июнь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-судья Жапар Эрматовду 22-августка чейин, эки айга абакка алып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жөнөткөн.
Азыркы күндө Жапар Эрматовдун үстүнөн сотко чейинки тергөө-иликтөө иштери улантылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ