Menu

Бүгүн бир кездеги идеялаш либерал-демократтар, азыркы бийликчил Эдил Байсалов менен атамбаевчил Равшан Жээнбеков эмнени талашып, “чымчыша” кетишти?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-июнда бир кездеги идеялаш либерал-демократтар, азыркы бийликчил Эдил Байсалов менен атамбаевчил Равшан Жээнбеков өлкөдөгү саясый тенденцияларга баа берүүдө пикирлери эки ача чыгып, “чымчыша” кетишти. Алардын талашына саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев менен экс-премьер-министр Камила Талиева да кыстырма айтышып, кыпчылышты.

Равшан Жээнбеков: 100 добуш – уу добуш. Депутаттардын 100 добушу ким тарапта болсо ошол тарап жакында/келечекте жеңилет/уттурат! Себеби 100 добуш кошоматчылардын, саткындардын, олигархтардын гана добушу. Алар саясатта туруктуу, келечектуу, намыстуу эмес. 100 добуш ким тарапта болсо, тарыхта, баары уттурушкан. Алар дайыма ута турган тарапка өтө качат! Келечектүү, намыстуу болом десең 100 добуштун каршы тарабында бол!

Эдил Байсалов: “Келечекте уттурат” деп эң туура баамдадыңыз. Уттурду! Атамбаев! Ошолорго таянган. Бирден тандап алып келген. Өзү! Мына эми жайынтыгын көрдү. Даары болсун! Чала!

Равшан Жээнбеков: А азыркы 100 добушчу?

Эдил Байсалов:  Ошол өзүнүн кесепети. Атамбаев өзүнөн көрсүн. Азыркынын тарыхы башка. Көрөбүз эмне болот. Бирок мобул ботко Атамбаевдики. Аш болсун.

Равшан Жээнбеков: Ал азабын тартууда…  А азыркы 100 ким тарапта?

Эдил Байсалов: Баасын берип атат. Көбүнчө маселелер боюнча убагында сиз өзүңүз көтөргөнсүз. Кайсы жери калп коюлуп жатат айыптын? Алар го жаңылып жүрүп, мына азыр туура, Элдин тарабына өтүштү. Сиз эмне үчүн тескери кеттиңиз?

Равшан Жээнбеков: Мен, 100 добуш тарап коркунучтуу десем, кантип ал тарапта болом?

Алмазбек Акматалиев: Равшан мырза акылдуулар менен сулуулардын кимисин тандаарын билбей кыйналып жаткан кези.

Равшан Жээнбеков: Менин өзүмдүн жолум бар. Аны убакыт көргөзөт. Бирок, 100 дүн жолу эмес.

Алмазбек Акматалиев: Мен да ошону айтып жатпаймбы, сенин өзүңчө жолуң бар деп. Ийгилик!

Камила Талиева: Азыркы 100дү «белекке» таштап кеткен тарапта, баш маңканын баары..! Өзү күнөөлүү, ошолорду алып келген, тизмелеп!

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: