Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев: “КТРК “Сармерден” программасына көмүскө билет жасап сатып, коррупциялык “бизнес” жасап жатат”

Бөлүшүү:

“КТРК Кыргыз драма театрында “Сармерден” программасын өткөрүп, ага көмүскө билет жасап сатышкан, миңдеген сом акчалар казынага түшпөй жеке адамдардын чөнтөгүнө кетип жатат. Ал билеттер Салык инспекциясынан каттоодон өтпөй, баары тымызын жана жеке кызыкчылыктарда жасалган. Акчаны казынага төгүп койгула. Бул коррупция болуп саналат. Мен Салык инспекциясына кайрылдым, азыр бул фактылар текшерилип жатат жана укук коргоо органдары бул фактыларга юридикалык баасын бериш керек”, – деп билдирди 20-июнда парламенттин кезектеги отурумунда депутат Камчыбек Жолдошбаев.

“КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков кызматынан кеткенде корпорациянын кызматкерлери “кутулганыбызга шүгүр” деп тай союп, түлөө берип, учаны сизге тарткан экен, ошондойбу?” – деп кайрылды депутат КТРКнын жаңы гендиректору Жайнак Үсөн уулуна кайрылып. Бирок КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев сөздү жула качып “Мен андай түлөө тууралу биринчи угуп жатам” деп актанды. Жайнак Үсөн уулу суроо экинчи жолу кайталанганда да жооп берген жок.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: