“Мына азыр мага Кой-Таштыктар келиптир, алар өзүнүн жердештерине гана эмес мага да сез көрсөткүсү келди, кээ бирөөлөр”, – деп айткан эле Өмүрбек Текебаев Атамбаев менен болгон мамилеси тууралу маалымат жыйын өткөрүп, 2016-жылы.
“Мен Кой-Таштыкмын, мен Чүйлүкмүн, мен Стрельниковадамын, Бакиев менен күрөшкөндө ар бир айылын кыдырып чыккамын. Курултайын да, митингин да өткөргөнбүз. Ошолордун баары мени менен жүргөн. Атамбаев Бакиев тарапка өтүп кеткенде да мен алар менен калгамын. Элди-жерди бөлүп, бирин-бирине тукуруу жолу менен “сен башка жактан келгенсин, керек болсо менин айылым чыгат” деген логика менен башкаруу – бул өткөн кылымдын белгиси. Эмне, Атамбаев ошентип коркуткусу келип жатабы? Болбосо муну кантип түшүнсө болот? Мен Кой-Таштыкмын, мен Стрельниковдомун, Атамбаев айткандан кийин мен “назло” ошол жерден 5 сотых жер алып үй салам”, – деген Өмүрбек Текебаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
Видео: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ