Бул тууралуу 31-октябрда Башкы прокуратура билдирди. Соттор келип түшкөн арыздарды карап, Интернет айдыңындагы 64 сайтты жана 233 аккаунтту, видеоканалдарды токтотуу чечимин кабыл алган.
Башкы прокуратура белгилегендей. Интернетте террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүктү жайылткан маалыматтар аябай көбөйүп кеткен. Ошондон улам буга каршы бир топ иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада 2019-жылы Башкы прокуратура сотко 19 арыз жазып, ал маалыматтын бардыгы экстремисттик деп табылган. 129 текшерүү жүрүп, 278 мыйзам бузуу аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ