Menu

Азия кубогун уткан Катар футболчулары байге-соорунга маарыйт

Бөлүшүү:

Январь айында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн футбол боюна Азия кубогун Катар мамлекетинин улуттук курама командасы жеңип алганы баарыбызга маалым. Тарыхта алгачкы ирет мындай ийгиликке жеткен катарлык футболчулардын энчисине  Кубоктун атайын байгесинен тышкары да чоң байге-олжо тийгени турат. Катардын эмири Тамим бин Хамам Аль Тани өз футболчулары Азия кубогун жеңсе, алар үчүн төмөндөгүдөй байге-соорун убада кылган:

-Кураманын ар бир футболчусуна Лондон шаарынан батир;

-Ар бири футболчуга 2 млн. фунт стерлинг өлчөмүндө акчалай сыйлык;

– Футболчунун өмүрүнүн акырына чейин ай сайын берилүүчу стипендия;

-Эң акыркы үлгүдөгү “Лехсус” автомобили;

-Эмирдин хан сарайында өзү менен кошо түштөнүү.

Чындыгында, Катар курамасы Азиянын бул башкы мелдешинде өтө мыкты оюн көрсөттү. Алар атаандаштарынын дарбазасына 19 гол киргизип, өздөрүнүкүнө 1 гана топ өткөрүп, финалда Япония курамасын 3:1 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, ОАЭдеги Азия кубогуна тарыхта биринчи ирет Кыргызстандын курама командасы да катышып, плей-оффко чыга алды.

Булак: Кyrgyz Today

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: