Бишкектеги кара түтүндү жок кылуунун кандай жолдору каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында сурады.
Бул суроого Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов төмөндөгүдөй жооп узатты.
“Бишкек шаарындагы дизель менен жүргөн маршруткаларды газга же троллейбуска которуу керек. “2018-2019-жылдары 52 троллейбус, 60 автобус келген. Быйыл 100 автобус келмек, тилекке каршы каражат жоктугунан улам келбей калды. Колдон келишинче шаардын тегерегиндеги конуштарды газга өткөрүү зарыл“, – деди Шерипов.
“Ушул маселелерди көптөн бери талкуулап, айтып жатабыз. Эми аны иш жүзүндө тезирээк ишке ашырыш керек. Биздин эл көмүр жана башка менен жагып жатат. Элдин свети өчүп калып, митингге дагы чыгып жатат. Бул маселени дагы чечиш керек”, – деди Икрамов кошумчалап.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ