Бүгүн түнү Түркияда аскердик топ мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, өлкөнү өз көзөмөлүнө алганын билдирип чыккан. Кагылышуулардын натыйжасында 17 полиция кызматкерлери набыт болгону айтылууда. Мармарис шаарында жүргөн Эрдоган Стамбулга кайтып келип, төңкөрүш аракетин чыккынчылык деп мүнөздөп, ага катышкан аскер башчыларына катуу жаза колдонула турганын эскертти.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым төңкөрүш жасоого аракеттенген генералдардын бири өлтүрүлгөнүн жана 130дан ашуун аскер кызматкерледи кармалганын билдирди.
https://youtu.be/S3jyYPN2Alc
https://youtu.be/ancsMuzujZc
https://youtu.be/H6IJqp-YNJk
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ