Бүгүн, 10-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттө өткөн онлайн-брифингде коронавирус илдетине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Анда Үсөнбаевке, “Кээбир адамдар “коронавирус илдети жок, бул болбогон жомок”,- деп айтып жатышат. Мындай дегендерге кандай жооп бересиз?”,- деген суроо берилди.
“Коронавирус илдети дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп жатат. Бүгүнкү күндө коронавирус илдети менен ооруп жаткандар бар. Каза болуп жатышат. Бул боюнча күндө жаңы маалыматтар келип жатат. Вирус жок дегенге кошулбайм. Антип айтсак дагы факты менен сүйлөсөк. Мына 1-майдан бери көчөлөргө көптөгөн адамдар чыгып жатат. Алардын ичинен көпчүлүгү бет кап кийбей, коюлган талаптарды аткарбай жатышат. Көпчүлүк элдер чоогулган жерлерге дагы барып жатабыз. Ал жерде чүчкүрүп, жөтөлгөн адамдар дагы болот. Ошондуктан бет капты чечпей кийип жүрсөк жакшы болмок”,- деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ