Футбол борбору Чүй облусунда курулушу мүмкүн. Бул тууралуу Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев бүгүн, 30-декабрда басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, федерациянын спорттук инфраструктураны жакшыртуу үчүн каражат тартууга мүмкүнчүлүк бар. Алар аймактардагы стадиондордун 70 объектисин көрүп чыгып, 90 пайызы начар абалда экенине күбө болушкан. Учурда Орок айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жергиликтүү бийлик футбол борборун куруу үчүн 20 гектар жер аянтын бөлүп берүүгө даяр.
Буга чейин эртең менен футбол күйөрмандары мэриянын алдына бүгүн чогулаарын жана аталган федерация жыйын өткөрөөрүн билдирген.
Эске сала кетсек, кайтарымсыз грант катары 10 млн долларга футбол борборун куруу пландалган. Футбол федерациясы мэрия ушул жылдын 31-декабрына чейин жер тилке бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип кетээрин алдын ала эскертишкен. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин депутаттары бир нече жолу отурумга чогулгандары менен маселесин карап бүтө элек. 27-декабрда карашмак, бирок, каралган эмес. Депутаттар бул маселени келаткан жылдын 14-январына жылдырып коюшкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ