Menu

Атамбаевдин доорунда “серый кардинал” Икрам болсо, эми ал орунду Төрөбай ээледи

Бөлүшүү:

Аз күн мурда КСДПдан депутат Төрөбай Зулпукаров кызы Айжамалды турмушка узатып, дүңгүрөтө той берди. Тойдо президенттин укасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, спикер Дастан Жумабеков, КСДП фракция лидери Иса Өмүркулов ж.б. лөктөр катышып, шаң-салтанат менен катуу дуулдашты. Депутаттын кызы бактылуу болсун! Биз дагы тилектешпиз…

Бирок, медалдын экинчи бети да бар эмеспи. Молдо Төрө ырчы-чоорчулар менен шаң-салтанат уюштурганы кандай? Же «жаңы шарыят» боюнча баары боло береби?..

Дагы бир кызыгы, соңку убакта Асылбек Жээнбековдун оң колуна айланып алып, Зулпукаров кадр саясатын чечип атканын танып кетеби? Оштун мэрине «диплому жасалма» делген Таалайбек Сарыбашевди дайындатканы тар чөйрөдө уу-дуу кепке айланды. Бизнес долбоорлорун да тейлей баштаганы жакында ачыкталабы? Айтор, Алмазбек Атамбаевдин доорунда «Серый кардинал» Икрам Илмиянов болсо, эми Төрөбай төргө өтүп, Жээнбековдорду жаманатты кылуу менен жең ичинен саясатын жүргүзө берсе, аягы жакшылык менен бүтпөйт го? Кичине арыдан бери болуп, окуган намазын сыйлап, ак жүрсө болбойт беле?..

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: