Instagram жылдызы Айжан Байзакованы 3 суткага камап салышты. Бул туурасында Tengrinews.kz билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен кызды Аламалы РИИБне чакыртышкан. Алматы Ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, 22 жаштагы кызды бейбаштык кылганы үчүн чакыртышкан.
Эске салсак, буга чейин интернетте түнкү клубда болгон конкурстун видеосу тараган. Анда кыздар дырдай жылаңач болуп чечинип жатышканын көрүүгө болот. Айжан Байзакова анын алып баруучусу жана уюштуруучусу болгон деп айыпталууда.
“Алматы шаарынын жашоочусу А.С. Байзаковага байланыштуу Казакстан Республикасыныны кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү, административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Аны коомдук жайда этникалык нормаларды жана коомдук тартипти сактабагандыгы үчүн кармадык. Аталган жарандын күнөөлөрү толук далилденди. Соттун чечими менен үч сутка административдик камакка алынды”, – деп айтышты Алматы ИИД кызматкерлери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ