Menu

Шайлоо астында Шавхат Мирзиёев айкөлдүгүн көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенттигине талапкер Шавкат Мирзиеевдин буюртмасы менен Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев баштаган делегация кабыл алынып, Андижанда мурда болуп көрбөгөндөй сый көрүштү. Эки тараптуу мамиленин жакшырышына өбөлгөлөр түзүлүп, саясый, экономикалык, чек ара ж.б. жагдайлар боюнча жылуу пикирлер айтылды. Эгер эки өлкөнүн мамилеси дал ушундай ыргакта уланса, анда эң негизги көйгөй болгон чек ара маселесин сүйлөшүү жолу аркылуу чечсек болот. Андан сырткары, соода-сатык, тууганча карым-катыш да жакшырат эле. Мунун өзү эки тарапка тең пайдалуу болмокчу. Баса, ошого катар Ш.Мирзиеев Өзбекстанда куугунтукталган саясый жана коомдук ишмерлердин укугун калыбына келтирүүгө басым жасай баштады. Жада калса үндөрү буулуп, сахнага чыкпай калган ырчыларга да чыгармачылык эркиндик берилди. Айтор, болочок президент коңшу өлкөлөр менен тоңгон мамилени эритип, о.э. Өзбекстандын ички атмосферасына жылуулук бергени эмнени билдирет? Президенттик шайлоо астындагы пиар компания эмеспи? Бийлигин бекемдеп алгандан соң Шавкат акеңер өзгөрүп кетпейби?..

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: