Тажикстанда почта кызматын лицензиялоо боюнча мыйзам күчүнө кирди. Эми почта байланышынын оператору болуу үчүн кызмат көрсөтүүгө укук алуу зарыл. Лицензияны өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматы берет.
Буга чейин почта ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынчу эмес. Учурда «Почтаи точик» мамлекеттик операторунан тышкары почта байланыш кызматын дүйнөгө белгилүү DHL жана TNT эл аралык курьер кызматтары дагы көрсөтөт.
Буга чейин Тажикстанда кызмат көрсөтүүнүн 61 түрүнө лицензия талап кылынса, эми алардын катары толукталды.
Тажикстанда чет өлкөлөр менен почта аркылуу кызматташууну Дүйнөлүк почта биримдиги жүзөгө ашырат. Дүйшөмбү бул бирикмеге 1994-жылдан бери мүчө.
Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчүн колдонгон компаниялар дагы лиценция алышы керек болот . Мындай лицензия Эмгек, социалдык ишке орноштуруу жана миграция министрлиги тарабынан 3 жылга берилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ