Кыргызстандан барган наркокурьерге Россиянын соту 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул туурасында Россиялык ММКлар маалымдашты.
Маалыматтарга ылайык, Киев райондук соту кечээ, 14-августта кыргызстандык жаранга карата өкүм чыгарды, ага ылайык кылмышкер 11 жыл түрмөгө кесилди.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Россияга барган жаран фасовкаланган героинди жутуп алып, ашказанында жеткирип барган соң, көкүрөк жагы катуу ооруп, аргасыздан Томсктогу медициналык жардам көрсөтүүчү жайлардын бирине кайрылган. Ал жерде кылмышкерди полиция кармап калган. Наркокурьер жеткирип барган наркотик партияларын сатууну пландаганын айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ