Menu

Уагадугудагы түрк ресторандагы кол салуудан 17 киши мерт кетти

Бөлүшүү:

Буркина-Фасонун борбору Уагадугудагы чет элдиктер арасында белгилүү түрк ресторанына кол салуу болуп, кеминде 17 киши мерт кетти.

Батыш африкалык мамлекеттин бийлиги бир нече улуттун өкүлдөрү өлгөнүн, алардын арасында бир француз бар экенин маалымдады. Кол салуудан 8 киши жабыркаган.

Reuters агенттинин кабарлашынча, куралчан үч киши автоунаа менен ресторанга келип, тышта эс алып отургандарга автоматтан ок чыгарган. Окуя болгон жерге полиция жана аскер кызматкерлери тартылып, атышуу маалында кылмышкерлер өлтүрүлдү.

Буркина-Фасо бийлиги кол салууну “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары менен байланыштырууда.

2016-жылы январда Уагадугунун ушул эле көчөсүндө жайгашкан кафе менен мейманканадан 170 киши барымтага алынган, алардын 30у өлтүрүлгөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Аль-Каида” алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: