Menu

Видео – Төртилик: Төрөбаев, Мадумаров, Келдибеков жана Ташиев Ошто эл менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-августта Төртилик: Төрөбаев, Мадумаров, Келдибеков жана Ташиев Ошто эл менен “Күч биримдикте!” деген ураандын астында жолугушту. Анда Бакыт Төрөбаев төртилик кол койгон келишимди көрсөтүп: “бул тарыхый келишим!” деп атады. Ал эми Камчыбек Ташиев: “Өнүгүү”, “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары биригип, бир эле партияны түзүүнү чечтик” деп жарыялады.

Жыйындын катышуучуларынын “Төртөөңөрдүн ичинен кимиңерди президенттикке алып чыгасыңар?” деген суроосуна Адахан Мадумаров: “Биз кандай учур болбосун бир талапкердин артынан чыгабыз. Аны жакында съездде угасыңар” деди. Камчыбек Ташиев: “Азырынча картаны ачпай туралы” деп тамашалады. Ал эми Ахматбек Келдибеков: “Кандай гана иш болбосун эгерде тактика менен стратегияны эч кимге айтпай барып жеңип алса мөрөй ошонуку болот” деди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: