Menu

Кыргыз Республикасы жана Сент-Кристофер менен Невис Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду  

Бөлүшүү:

8-июнда Лондон шаарында (Улуу Британия), Кыргыз Республикасынын Элчиси Г. Искакова жана Сент-Кристофер менен Невис Федерациясынын Жогорку Комиссары Кевин М. Айзак эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленген документте Тараптар эки жактуу мамилелерди Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык, ошондой эле тынчтыкта жанаша жашоо, теңдик, улуттук эгемендикти өз ара урматтоо жана бири биринин ички ишине кийлигишпөө принциптеринин негизинде түзүшөт.

Кол коюуу аземинен кийин Элчи Г.Искакова жана Жогорку Комиссар Кевин М.Айзак дипломатиялык мамилелерди орнотуу Кыргыз Республикасынын жана Сент-Кристофер менен Невистин ортосундагы эки тараптуу жана эл аралык уюдардын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү берерине ишеничтерин билдиришти.

Маалымат катары: Сент-Кристофер менен Невис Федерациясы, ошондой эле Сент-Китс менен Невис Федерациясы деген аты менен да таанымал – Кариб деңиздин чыгыш жагында жайгашкан мамлекет.

Мамлекеттин аянты – 261 км², калкы – 50 миңден ашык (2016 ж.). Борбору – Бастер (Basseterre), расмий тили – англис тили; акча белгиси – Чыгыш-кариб доллары. Адаттагы чарба тармактары – айыл чарба жана туризм. Ар бир адамга ички дүң өнүм (ВВП) жылына 16 миң АКШ долл. түзөт (2018 г.)

Сент-Кристофер менен Невис – Бириккен Улуттар Уюмунун жана Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: