Menu

Джяо Вен Син, “Цинхуань” медицина борборунун фитотерапевт дарыгери: “Кыргыз-кытай ортосундагы фитотерапияны өнүктүрсөк болот”

Бөлүшүү:

Ганьсу провинциясынын чыгыш тарабындагы Чин Янь шаарында төрөлүп-өскөн 31 жаштагы Джяо Вен Син учурда Ганьсу провинциясынын Кытай салттуу медициналык университетине караштуу Кыргызстандагы “Цинхуань” медицина борборунун фитотерапевт дарыгери. Көптөгөн кыргыздардын алкышын алган өтө жөнөкөй, кичипейил, адамгерчиликтүү дарыгер туурасында кененирээк билгиси келген окурман аз эмес. Анда эмесе тажрыйбалуу дарыгердин жан дүйнөсүнө бирге саякаттайлы.

– Джяо, медицина тармагына кантип аралашып калгансың?

– Мен төрөлүп, өскөн шаар кытай элдик медицинасына абдан жакын. Чөп дарыларды изилдеп фитотерапевт болуп калышыма мына ошол туулган жерим себепкер болсо керек. Мектепти аяктап кесип тандоо учуру келгенде ойлонбой туруп дароо медицина тармагын тандап алдым. Кытайдан бакалаврдан 4 жыл билим алып, өз кесибим боюнча бир аз убакыт иштегенден кийин Кыргызстанга келдим. Бул жакка келгенден кийин дагы кесибим тууралуу көптү үйрөнүп, кызыгып, тажрыйба топтоп, дары чөптөрдү изилдөөмдү улантуудамын. Көбүнчө интернеттен, китептерден окуйм. Кесибимди абдан жакшы көрөм.
– Кыргызстанга качан келдиң? Кыргыз эли сени кандай кабыл алды?

– Кыргызстанга былтыр октябрь айында келгем. Кыргыз эли абдан меймандос калк экен. Жакшы кабыл алышты. Базарга барганда, көчөдө жүргөндө элдер кызыгып “Каяктан келдиң?” – деп суроо беришет. Мен Кытайдан келдим. Кытай дарыгеримин десем кубанышып, колдору менен азаматсың деп көргөзүшөт. Биздин борборго келген бейтаптар дагы абдан кичипейил, ар дайым ыраазычылыктарын билгизип турушат. Көпчүлүгү кытай дарыгери, кытай медицинасы” туурасында укканда сүйүнүшүп, жакшы көрүшөрүн айтышат.
– Элдер кандай оорулар менен көп кайрылышууда?

– Бизге көбүнчө кыргыз жарандар келет. Биздин бар экенибизди угуп атайын айылдан келгендери дагы бар. Жакында эле жергиликтүү дарыгерлер үчүн кытай элдик медицинасы туурасында семинар өттүк. Семинарга келип катышкан дарыгерлер дагы жер-жерлерге барып уккан-билгендерин айтып, биз тууралуу маалымат таратып жатышат. Кээ бир дарылай албаган ооруларды бизге жөнөтүшөт. Биз колдон келген жардамыбызды беребиз. Негизинен остеохондроз, грыжа, тизе, бут, баш, нерв ооруларына чалдыккандар кайрылат. Келген бейтаптардын 80 пайызы айыгып, ыраазычылыктарын билдирип сүйүнүшүп башка тааныштарын алып келип жатышат.
– Келгениңе бир жылдай болуп калыптыр. Көнүп калдыңбы? Өз мекениңди сагындыңбы?

– Ооба көнүп калдым. Албетте, Кытайды сагындым. Баары бир өз мекениң баарынан артык да.
– Бир жыл ичинде кытай эли менен кыргыз элинин ортосундагы айырмачылыкты байкай алдыңбы?

– Айырмачылык бар. Мисалы, маданияты, салт-санаасы, тарыхы, тамак-ашы боюнча айта турган болсом эч бир окшоштук жок. Бирок эки өлкөнүн байланышы, кызматташтыгы Борбордук Азия боюнча абдан тыгыз, биримдиги күч экенин сездим.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

– Спорттун баскетбол түрү менен машыгам. Жумуштан кийин үйгө барып сөзсүз интернеттен эки өлкөдө болуп жаткан жаңы жаңылыктар менен таанышып, ар дайым маалымат алып турам. Дем алыш күндөрү базарга барып, тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. Кайсы тоого чыкпайын ар бир чөпкө маани берип, ал эмнеге дары, кандай чөп экенин изилдеп турам. Кыргызстанда дары чөптөрдү абдан көп тапса болот. Келечекте Кыргызстанда дагы фитотерапия тармагы өнүксө, Ганьсу провинциясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эки өлкө ортосундагы фитотерапияны өнүктүрсөк болот. Андан сырткары кытай элдик медицинасынын адамга канчалык пайдасы бар экенин, бул жол аркылуу көптөгөн ооруларды оңой айыктырууга болоорун түшүндүрүп, жергиликтүү дарыгерлерге дары чөптөр туурасында кененирээк үйрөтүү максатында семинарларды көбүрөөк өткөрүп, дарыгерлерди Кытайга жиберип тажрыйба алышына аракеттерди көрүүдөбүз. Акыркы учурда көпчүлүк эл элдик медицинага көбүрөөк ишеним артып калды. Себеби бардык ооруга чөптүн пайдасы бар экенин жана аз акча сарпталаарын билип калышты. Буюрса эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары дагы тыгыз болсо, пайда алып келе турган көптөгөн пландарды ишке ашырабыз.
– Дарыгер катары жалпы окурмандарга кандай кеп-кеңеш айта аласың?
– Жалпы кыргыз элине чың ден соолук каалайм. Эч качан оорушпасын. Кытай медицинасы сиздер үчүн бекер кызмат кылып жаткан учурда убактыңыздарды бөлүп келип туруңуздар. Сиздер үчүн ар дайым эшигибиз ачык.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: