Бишкек шаардык прокуратурасы Биринчи май райондук сотунун экс-депутат Садыр Жапаровго карата чыгарган токтомун четке какты. Бул тууралуу экс-депутаттын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
“Шаардык прокуратура Биринчи май райондук сотунун токтомун жокко чыгарды. Иш кошумча териштирүү үчүн Биринчи май райондук прокуратурасына жиберилди. Эми жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу шаардык прокуратура ишти 1-декабрга чейин райондук сотко жөнөтүшү керек”, – деди жактоочу.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 2-августунда Биринчи май райондук соту экс-депутат С.Жапаровду “Барымтага алуу” беренеси менен, 11 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарган. Учурда ал Чүй облусунун Молдованов айылындагы №1-колонияда камакта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ